Вторник, 21 мая

5 жыл мурда ФЕТО бийликти төңкөрүүгө белсенген (ФОТО)

0

2016-жылы 15-июлда Түркия Республикасында аскердик төңкөрүш аракети болгон. Бул тарыхый окуянын үстүнөн 5 жыл өттү. Бул күн Фетуллахчы террордук уюмунун (ФЕТО) төңкөрүш жана баскынчы аракетине каршы түрк элинин жеңиши катары белгиленет. Бийликти күч менен басып алуу аракети түрк элинин биримдиги жана тайманбастыгы менен токтотулган.

15-июлдагы төңкөрүш аракетине ФЕТО уюмунун 8 651  мүчөсү катышкан.

Булардын 1 676сы аскер, 1 214ү курсанттар болгон.

Төңкөрүш аракети болгон түнү гүленчилер элге карата 35 учак, 37 тик учак, 74 танк, 246 брондолгон унаа, 3 кеме жана 3 992 жеңил курал-жарак колдонушкан.

Натыйжада 251 түрк жараны курман болгон.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз