Вторник, 30 апреля

Түрк элчиси: Гүленчилер Кыргызстандын паспортторун кайсыл жакта жана кандай максатта колдонуп жүрүшөт? (Видео)

0

Туркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган “Вечерний Бишкек” басылмасына маек курду. Түрк элчиси Кыргызстан менен Туркиянын алакасы, ФЕТО маселеси жана Кыргызстан тууралуу пикирлерин айтты.

ФЕТОнун Орто Азиядагы жооптуу кишиси Орхан Инандынын Түркияга алынып барылышы тууралуу суроолорго жооп берген түрк элчиси, Орхан Инандынын мындан ары кыргыз-түрк алакасына зыяны тийгизе албастыгын баса белгиледи.

Элчи Ахмет Садык Доган ФЕТО жана Орхан Инандыга байланыштуу айрым суроолорго дагеле жооп табыла электигин эске салды.

Турк элчиси “Орхан Инанды Кыргызстандын жарандыгын мыйзамдуу түрдө алганбы? Кыргызстанга эч качан келбеген же болбосо, келсе да кыска убакытка келген канча гүленчиге Орхан Инанды Кыргызстандын паспортун алууга көмөктөшкөн? Бул адамдар башка өлкөлөрдө эмне менен алек болушууда? Кыргыз паспортун алган бул кишилер кимдерге кызмат кылууда?” – деген суроолорду узатты.

Турк элчисинин маегин төмөндөгү линк аркылуу көрүүгө болот:

https://fb.watch/6M3O59mRjE/

https://ok.ru/video/2403987098362

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз