Понедельник, 7 октября

Кыргызстанга 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы келди

0

16-июль күнү Бакудан Бишкекке AstraZeneca вакцинасынын 40 дозасы келди. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР тышкы иштер министринин Азизбек Мадмаров жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Жпаркул Ташиев COVID-19 коронавирустук вакцинасына каршы күрөшүүнүн алкагында «Манас эл аралык аэропортунда Бакудан Кыргызстанга 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы жүктөлгөн гуманитардык жардамды алып келген учакты тосуп алышты.

Кыргыз тарап Азербайжан Республикасына өлкөлөрдүн ортосундагы бир туугандык мамилелердин көрүнүшү болгон бүгүнкү оор эпидемиологиялык кырдаалда көрсөтүлгөн гуманитардык жардам жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз