Воскресенье, 19 мая

Нигериянын айрым аймактарында Курман айт майрамына тыюу салынды

0

Батыш Африка өлкөсү Нигериянын түндүгүндө коопсуздук көйгөйлөрүнүн күчөшүнө байланыштуу, Курман айт майрамын белгилөөгө тыюу салуу чечими кабыл алды.

Катсина Эмиратынын басма сөз катчысы Иро Биндава жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, өлкөдөгү коопсуздук көйгөйлөрүнө байланыштуу кээ бир аймактарда, анын ичинде Катсина провинциясынын Даура Эмираттарында да Айт майрамы өткөрүлбөйт деп билдирди.

Биндава жыл сайын Даура Эмираттары уюштурган ат оюндарына быйыл тыюу салынгандыгын айтты.

Аймактын тургундарын майрамды мүмкүнчүлүк катары кабыл алууга жана өлкөдө тынчтык үчүн дуа кылуугуа чакырган Биндава : «Өкмөт адамдардын коопсуздугуна маани берет, андыктан майрам учурунда баарынан үйдө отуруусун суранабыз»,- деди.

Нигериядагы коопсуздук көйгөйлөрү күч алып, 6-июлда Катсина штатында куралдуу адамдардын кол салуусунан 21 адам каза болгон.

200 миллиондук калкы менен Африканын калкы эң көп болгон Нигерияда  эң көп мусулман калк жашайт.

Мусулмандар калктын жарымынан көбүн түзгөн өлкөдө жыл сайын майрамды белгилөө учурунда ат оюндары сыяктуу ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп турат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз