Пятница, 3 мая

Муфтий Ракиев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

0

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.
Куттуктоодо бул күн сооп табууга, муктаждардын үй-бүлөсүнө кубаныч тартуулоого, жашоодон жапа чеккен бир туугандарыбызга, жетим-жесирлерге, улгайып калган ата-энелерге, колунда жок инсандарга, майыптарга кол сунууга, көмөктөшүүгө эң ыңгайлуу күн экени айтылган.

Муфтий пандемиядан улам быйыл ажылык болбой калганын, азыр деле өлкөдө эпидемиологиялык абал сакталып турганын айтып, коомчулукту санитардык эрежелерди сактоого чакырды.

«Ар бир жандын саламаттыгы аманат. Кара тумоодон элибизди Жараткан Алла-Таалам эртерээк чыгарып, дарыгерлер көрсөткөн эрежелерди так сактайлы. Ооруп жаткан бир туугандарыбызга Кудай шыпаасын берсин», — деди муфтий.

Ракиев өлкө мусулмандарына кайрылып, ыйык Курман айт майрамында ынтымакка, сабырдуулукка, биримдүүлүккө жана кайрымдуу болууга чакырды.

Муфтий Курман айт майрамы менен элге жакшылык, молчулук, токчулук, бакубат жашоо келишин тилеген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз