Өзбекстанда карантиндик чектөөлөр күчөтүлдү

0

Өзбекстанда 20-июлдан баштап коомдук тамактануучу жайлардын ишине чектөө коюлду. Кафе-ресторан, ашкана жана чайканаларга эртең менен саат сегизден кечки саат сегизге чейин ачык асман алдында гана иштөөгө уруксат берилди. Той-маарекелерге чогулгандар 50 кишиден ашпашы керек. Республикалык атайын комиссия коронавирустун жайылышын басаңдатуу максатында ушундай чечим чыгарды.

Кошуна өлкө чектөөлөрдү 28-июндан бери кайра катаалдата баштаган. Мусулмандар башкармалыгынын Аалымдар кеңеши пандемиядан улам Курман айт намазы окулбай турганын жарыялаган. Ал чечимге ылайык, жума намаздарын жамаатташып окуганга да убактылуу тыюу салынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз