Пятница, 17 мая

Кытайда үчүнчү бала үчүн салынган айып пул жоюлду

0

Кытай бийлиги үй-бүлөдө төрөлгөн үчүнчү бала үчүн салынган айып пул жана дагы башка санкцияларды жойду. Бул тууралуу Известия басылмасы Xinhua агенттигине таянып кабарлады.

«Социалдык камсыздоо үчүн төлөмдөрдү жана башка чектөөлөрдү алып салуу чечими кабыл алынды. Социалдык камсыздоо боюнча төгүлүүчү төлөмдү кайра карап чыккандан кийин ал жоюлду жана тиешелүү айып пул боюнча жобо да жокко чыкты», — деп айтылган маалыматта.

31-майда Кытайдын бийлиги жарандарына үчүнчү балалуу болууга уруксат берүү чечимин кабыл алганы кабарланган. Бул өлкөнүн картайып бара жаткан калкынын курамында жаштардын санын көбөйтүү үчүн жасалган.

Кытайдын мамлекеттик кеңешинин жарыяланган чечиминде, 2025-жылы өкмөттүн балдардын төрөлүүсүнө түрткү берген социалдык атайын системаны иштеп чыга турганы кабарланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз