Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесине катышты. Анда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жана вакцинациялоо боюнча кампаниянын жүрүшү талкууланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
Жылдыз Бакашова билдиргендей, вакцинациялоо – бул ар бир жарандын коронавирус инфекциясынан коргонууга болгон ыктыярдуу кадамы, аны менен катар калкты вакцинациялоо менен камтууну кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.
Мындан тышкары кеңешмеде мамлекеттик органдардын башчыларына, Кыргыз Республикасынын президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине вакцинацияланган жарандарды маалымат базасына киргизүү боюнча ишти уюштуруусу жана ишенип берилген аймактардагы калкты массалык эмдөөдөн өткөрүүнүн жүрүшүн тездетүү тапшырылды.