Пятница, 22 ноября

Орусияда мигранттар эмдөөнүн тиркемесин жүктөөгө милдеттендирилди

0

Орусиянын өкмөтү 25-июлдан тарта ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн келген чет элдик жарандарга «COVID-19суз саякатта” тиркемесин сөзсүз түрдө колдонуу боюнча токтом кабыл алды.

Бул милдеттүү талап алгач Армения, Беларус, Кыргызстан жана Казакстандын жарандары үчүн киргизилсе, 1-сентябрдан тарта Азербайжан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан менен Өзбекстандын жарандарына дагы тиешелүү болот.

«COVID-19суз саякатта” мобилдик тиркемеси быйыл февраль айында даярдалып, колдонула баштаган. Тиркеме аркылуу коронавируска ПЧР-тест тапшырып, анын жыйынтыгын алуу үчүн тиешелүү клиниканы тандоо кызматы көсөтүлгөн.

Ошондой эле, тиркемеге эмгек мигранттары жеке маалыматтарын дагы киргизүүгө милдеттүү экени Орусиянын өкмөтүнүн токтомунда көрсөтүлгөн.

Орусиядагы “Жарандык көмөктөшүү” комитетинин башчысы Светлана Ганнушкина мигранттарды милдеттендирүү мыйзамсыз экенин билдирди:

Ооба, сөзсүз түрдө. Бул тиркемени жүктөөгө милдеттендирүү боюнча укуктук ченем адам укугун бузат. Адамдардын эркин жүрүү укугу жана алардын жеке жашоого болгон укугу бузулат. Бул жерде алардын жеке маалыматтарын алуунун өзү мыйзамсыз. Чоң мыйзам бузуу бар”, — деди Ганнушкина

Буга чейин Орусиянын Ички иштер министрлиги чет өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттары үчүн атайын тиркеме иштеп чыгып, ага адамдын профилин, биометрикасын, соттуулугу тууралуу маалыматтарды жана “мигранттын социалдык ишеним рейтингин” киргизүүнү сунуштаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз