Понедельник, 6 мая

Эл бийликке канчалык ишенет? Изилдөөнүн жыйынтыгы чыкты

0

Улуттук статистика комитети элдин бийликке болгон ишеними тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында кыргыз бийлигине калктын ишеним индекси былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу төмөндөдү.

Изилдөөдө 18 жаштан 75 жашка чейинки 3 600 жаран сурамжылоого алынган.

Элдин мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдарга болгон ишеним индекси 2021-жылдын алты айына карата 26 пайызды түздү. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 4,5 пайызга төмөндөдү дегенди билдирет.

Кыргызстандыктар көп ишене бербеген органдардын тизмеси төмөндөгүдөй:

Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги

Юстиция министрлиги

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Экономика жана финансы министрлиги

Айыл чарба министрлиги

ИИМ

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги

Энергетика жана өнөр жай министрлиги.

Ал эми эл ишенимине ээ болгон органдардын сап башына мурдагыдай эле өкмөттүн аймактардагы өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү башкаруу органдары ээ болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз