Пятница, 22 ноября

Эми казактардын вакцинасын алабыз

0

Эртең Кыргызстанга QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы жеткирилет. Бул тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, гуманитардык жардамды коңшу өлкө «Акжол» көзөмөл пунктунан өткөрүп бермекчи. Иш-чарага КРдин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев менен казак элчиси Рапиль Жошыбаев катышат.

Эске салсак, Бейшеналиев буга чейин өлкөгө казакстандык QazVac вакцинасы 50 миң дозада гумжардам катары алып келинерин, бул тууралуу элчи менен сүйлөшүүлөр болгонун айткан. Көп өтпөй коңшу өлкөнүн вице-премьери Ералы Тугжанов менен саламаттык сактоо министри Алексей Цой бул маалыматты төгүндөгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз