Ажылык мезгилинен кийин баштала турган Умра зыяраттары үчүн коронавируска каршы эмдөө алуу шартынын киргизилгендиги билдирилди.
Сауд Арабиянын Ажылык министринин орун басары Хишам Саид өлкөсүндөгү бир телеканалга берген маегинде чет өлкөлүктөр үчүн умра зыяраттары 10-августтан тарта башталарын айтты.
Саид умра мезгилинин башталгандыгын жана бул жараян пандемияга каршы күрөшүү процедуралардына ылайык ишке ашырыларын, чет өлкөдөн келе турган умра зыяратчыларына Covid-19 эмдөөсүн алуу шарт экендигин жарыялады. Саид умра үчүн күнүнө 20 миң киши кабыл алынаарын да кошумчалады.