Пятница, 17 мая

Талибан Орто Азияга коркунуч туудурабы?

0

Талибан Ооганстандын Тажикстан жана Түркменистан менен чектеш аймактардын экөпчүлүгүн ээлей баштады. Айрым маалыматтарга ылайык Талибан ооган-тажик чек арасынын бир тилкесин кайтарууну «Ансоруллах» тобуна табыштады. Бул топ Кыргызстанда да тыйуу салынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 24 октябрь 2012-жылы «Ансоруллах» тобунун ишмердүүлүгүнө Кыргызстандын аймагында тыйуу салган.

«Ансоруллах» тобунун бир кездери «Өзбекстан ислам кыймылы», «Чыгыш Түркстан ислам кыймылы», «Исламий жихад кыймылы», «Жундул халифат», «Кавказ ислам эмирлиги», «Аль-Каида» жана «Талибан» кыймылы менен кызматташканы да белгилүү. Андыктан Ооганстандагы башаламандык жана Талибандын ийгилиги бул топтордун биригип кетүүсүн шартташы толук мүмкүн. Андыктан эксперттер Жакынкы Чыгыштагы окуялардын Орто Азияда да кайталанышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Кыргызстанда «Аль-Каида» менен катар «Ат-Такфир Валь-Хиджра», «Жайшуль Махди», «Джамаат ат-Таухид валь-Джихад» сыяктуу согушчул уюмдарга да сот тарабынан тыйуу салынган.

 

 

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз