Четверг, 2 мая

Азербайжан: Армения дагеле ок атууда

0

Азербайжандын коргоо министрлиги Россиянын ок атышпоо чакырыгына карабастан Армения дагеле кол салууларын улантып жаткандыгын жарыялады.

Министрлик жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00дө Россиянын ок атышпоо чакырыгын кабыл алышканын бирок Армениянын Азербайжан позицияларына карата кол салууларын улантып жатканын маалымдады. Маалыматта: «Армения тарабы кошумча танктар жана 120 миллиметрдик минометторду колдонуп, абалды курчутууга аракет кылып, биз тарапка ок атууну улантууда»,- деп билдирилди. Буга кошумча, Армениянын Келбежер багытында Азербайжан позицияларына ок атканы, 2 Азербайжан аскеринин жаракат алганы айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз