Вторник, 21 мая

Айдын аягында 4 күн эс алабыз

0

Августта кыргызстандыктар өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата көбүрөөк эс алышат.

Бул тууралуу өкмөттүн токтомунда жазылган. Ага ылайык, катары менен төрт күн эс алуу болот. Тагыраагы, 28-августтан 31-августка (ишемби, жекшемби, дүйшөмбү, шейшемби күндөрү) чейин иштешпейт.

30-август дүйшөмбүгө туура келгендиктен иш күнү деп эсептелиши керек эле. Бирок анын ордуна кыргызстандыктар 10-майда иштеген.  9-май жекшембиге туш келгендиктен 10-майда эс алуу болору айтылган. Буга байланыштуу өкмөт дем алышты августка жылдырууну чечкен.

Натыйжада кыргызстандыктар августтун этегинде төрт күн эс алмакчы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз