Вторник, 30 апреля

Гүленчилер түрк элчисин өлтүүнү пландаган

0

ФЕТОнун Орто Азиядагы жооптуу кишиси Орхан Инандынын иши Түркияда тергелүүдө. Тергөө ишине өтө маанилүү маалыматтар тиркелгени маалым болууда. Ага ылайык, М. Й. аттуу түрк жаранын Орхан Инандынын Кыргызстандагы жардамчысы Х. М. ишкерлер А. Й. жана А. Ч., ошондой эле паспорт иштери менен алек болгон Ш. аттуу киши түрк элчисин өлтүрүү үчүн жалдаган. М. Й. ошол мезгилдеги түрк элчиси Женгиз Камил Фыратты өлтүрүү үчүн ага 2 миллион доллар сунушталганын айткан. Ага алгач 500 миң доллар снушташып, иш бүткөн соң калган акчаны чет өлкөдө ала турганы айтылган. М. Й. ага Glock тапанчасы берилгенин кошумчалаган.

М.Й. бул сунушту кабыл албаган соң өзүнө карата гүленчилер тарабынан жалаа жабылганын, түрмөгө камалганын айткан. Түркиялык AHaber агенствосунун маалыматына ылайык, Орхан Инандынын кишилери М.Й. деген кишини каматыш үчүн пара берген жана тааныштарын колдонгон.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз