Пятница, 17 мая

Эскертүү: сел жүрөт

0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2021-жылдын 2-августунан 4-августуна чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, мөңгүлөрдөн башталган дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз