Четверг, 2 мая

Ошко жаңы мэр дайындалды

0

Ошко жаңы мэр дайындалды

Мамбетов Алмаз Ишенбекович Ош шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына жетекчи болуп 2020-жылдын октябрь айында дайындалган. Ага чейин Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп иштеп, былтыркы жылдын февралында кызматтан алынган.

Ал эми Оштун мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашевдин Бишкек шаарына мэр болуп дайындалаары айтылууда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз