Пятница, 17 мая

9 миң 174 адам коронавирус менен үйүндө күрөшүүдө

0

Кыргызстанда 3-августка карата коронавирус дагы 797 адамдан аныкталды.

Республикалык штаб тараткан маалыматка ылайык, бир суткада 1 миң 794 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 10 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 493 бейтап, амбулатордук түрдө 9 миң 174 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 165 миң 540 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 149 миң 171 киши айыгып чыкса, 2 миң 354 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз