«Кыргызстан менен Россиянын ортосунда жалпы 6 млрд. доллардан ашуун суммага эки тараптуу документтерге кол коюлду», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 28-мартта 8чи кыргыз-россиялык региондор аралык конференцияда.
Конференцияга Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жана Президент Сооронбай Жээнбеков катышууда.
Өз сөзүндө Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визитин ушул күндөрдүн башкы окуясы деп атады.
«Бул визит кыргыз-россиялык мамилелерди жаңы тарыхый баскычка алып чыкты. Биздин сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өттү. Эки тараптуу макулдашуулардын чоң пакетине кол коюлду. Бүгүн биз 2020-жылы Россияда Кыргыз Республикасынын Жылын жана Кыргызстанда Россия Федерациясынын Жылын өткөрүү жөнүндө макулдаштык. Соода-экономикалык байланыштарды мындан ары карай чыңдоо боюнча ачык-айкын сөз болду. Биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн жана инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Владимир Владимировичтин жеке катышуусу жана колдоосу менен биздин кызматташтыктын бардык багыттары боюнча активдүү жана ишенимдүү диалог болду», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Ал акыркы жылдар ичинде Кыргызстан менен Россия ортосунда соода-экономикалык байланыштар кыйла кеңейтилип, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин алкагында өз ара активдүү аракеттенип жатканын белгиледи.
Биримдиктин түзүлүшү менен соода-сатык жана административдик тоскоолдуктар алып салынды. ЕАЭБ алкагында транспорт жана логистикалык инфратүзүмдөрдүн өнүгүү процесси башталды. Бажы чек араларынын жок болушу менен соода жанданды. Кыргызстандын ишкерлери ЕАЭБдин 180 миллиондук базарына чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
«Бүгүн биздин өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине интеграциялануусу ийгиликтүү өтүп жатат деп ишенимдүү айтсак болот», — деп баса белгиледи Кыргызстандын Президенти.
Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү Стратегиясы кабыл алынды. Экономиканын артыкчылыктуу тармактары аныкталды. Алар — энергетика, тоо-кен жана жеңил өнөр жайы, айыл чарбасы жана кайра иштетүү, транспорт жана туризм. Стратегияда региондорду өнүктүрүү маселелерине, калктын турмуш деңгээлин жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулган.
«Биз үчүн россиялык инвестицияларды тартуу, ишкер чөйрөлөр үчүн, айрыкча кичи жана орто бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү актуалдуу. Биздин ишканалардын Россия менен бирдикте кошумча нарктын тутумдарына интеграцияланышын биз маанилүү деп эсептейбиз. Кыргызстанда бизнес кылуу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Азыркы кезде орток долбоорлорду ишке ашыруу үчүн пайдаланылбай келаткан чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстандын аймагында биргелешкен кыргыз-россиялык ишканаларды түзүү — биздин кызматташтыктын келечектүү багыттарынын бири болуп кала алат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана Россиянын өнөр жай ишканалары үчүн комплектөөчү материалдарды, запастык бөлүктөрдү чыгаруучу өндүрүштү түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылды.
Ошондой эле ал белгилегендей, Кыргызстанда Россиянын мамлекеттик компанияларынын буйрутмаларын аткара ала турган коргонуу өнөр жай ишканалары бар. Фискалдык режим региондогу эң эле либералдуу режимдердин бири болуп саналат. Кымбат эмес ресурстардын, анын ичинде арзан жумушчу күчтүн жана электр кубаттуулугунун жеткиликтүүлүгү биргелешкен ишканалар үчүн салыштырмалуу артыкчылыктарды берет. Электр кубаттуулугуна болгон тариф КМШ өлкөлөрүнүн ичинде эң төмөнкү деңгээлде. Өлкөдө квалификациялуу жумушчу күчү жана зарыл болгон адистерди кыска мөөнөттө даярдай ала турган ийкемдүү билим берүү системасы бар.
Кыргызстанда экономиканын бардык секторлору тышкы инвесторлор үчүн ачык. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инструменттери ишке активдүү киргизилүүдө. Өнөр жайында регионалдык долбоорлорду ишке ашырып жаткан инвесторлор үчүн салык жагынан өзгөчө жеңилдиктер берилген. Азыр Кыргызстан ВСП+ макамына ээ болгон Орто Азиядагы бирден бир өлкө болуп саналат.
«2019-жыл Кыргызстанда Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү Жылы деп жарыяланган. Кыргызстан жаңы өнөр жайына — жогорку технологиялуу, жыйнактуу жана экологиялык жактан таза өнөр жайына муктаж. Биз жашыл экономика, кубаттуулуктарга сарамжал мамиле, энергиянын жаңыланма булактары, биоинженерия жана нанотехнологиялар чөйрөлөрүндө жаңы технологияларды жана инновацияларды түзүү жана пайдалануу боюнча биздин аракеттерибизди бириктирүүгө даярбыз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Анын айтымында, азыркы шарттарда биздин региондордун мүмкүнчүлүктөрүн жана ресурстарын бириктирүүнүн мааниси улам өсүүдө. Шаарлар ортосунда бир туугандык байланыштарды орнотуу өтө маанилүү. Губернаторлор ортосунда тыгыз байланыш жана биргелешкен аракеттер болушу керек. Региондор өнөктөштөрүн өздөрү тандап, бири-бири менен түз байланыштарды жөнгө салышы зарыл. Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргызстан менен Россиянын айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана кайра иштетүүчү ишканалары ортосунда түз байланыштарды жөнгө салуу — маанилүү милдет.
«Өкмөттүк жана регионалдык деңгээлдердеги байланыштарды бекемдөөдөн тышкары ишкерлер ортосунда да түз диалогду орнотуп, өнүктүү керек. Биздин процедураларды жөнөкөйлөштүрүү жана ишкердик климатты жакшыртуу боюнча бизнес коомчулуктун каалоо-сунуштарын колдоого даярбыз. Туризм чөйрөсүндө региондор ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Тоо туризми, экстремалдык, этнотуризм Россия Федерациясынан келишкен туристтер үчүн эң кызыктуу эс алуунун түрүнө айланууда. Биздин туристтер үчүн Россиянын региондору да өздөрүнүн бай маданий-тарыхый мурастары менен чоң кызыгууну туудурууда», — деп белгиледи Кыргызстандын Президенти.
Кызматташтыктын гуманитардык аспектилери жөнүндө айтып жатып, Сооронбай Жээнбеков бул багытты да активдүү өнүктүрүү керектигин белгиледи. Биргелешкен маданият күндөрүн жана коомдук мааниси бар иш-чараларды өткөрүү практикасын улантуунун мааниси зор. Илимий-билим берүү чөйрөсүнө, кадрларды даярдоо жана жаштар саясатына өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Ал кечээ Бишкекте Кыргызстандын жана Россиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи Форуму өткөнүн эске салды. Форумдун ишине эки өлкөнүн алдыңкы ЖОЖдорунун көп сандагы жетекчилери катышышты. Форумга Россиядан 70 жогорку окуу жайлары, ал эми Кыргызстандан 60 университеттер менен институттар катышты.
Бүгүнкү региондор аралык конференция болсо алгачкы жолу ушундай ири масштабда өтүп жатат. Анын ишине россиялык жана кыргызстандык компаниялардын 700дөн ашык өкүлдөрү катышууда. Конференциянын натыйжалары баарын кубандырып жана көптөн үмүттөндүрүүдө. Кыргызстан менен Россиянын ортосунда жалпы 6 млрд. доллардан ашуун суммага эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул деген бүгүнкү форум Кыргызстан менен Россия ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн натыйжалуу аянтча болуп калганын билдирет. Кол коюлган контракттар жана региондор аралык макулдашуулар КР менен РФ ортосундагы ар тараптуу өз ара аракеттешүүнү бекемдөөгө кызмат кылат.
«Мына ушул натыйжалар Владимир Владимирович Путиндин жеке катышуусу жана колдоосу менен жетишилгенин дагы бир жолу белгилейм. Жетишилген бардык макулдашуулар жана белгиленген пландар ийгиликтүү ишке ашаарына ишенем», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков жана Форумдун бардык катышуучуларына активдүү жана мазмундуу иши үчүн ыраазычылык билдирди.