Пятница, 17 мая

Бир суткада 20 миңден ашык киши эмдөөдөн өттү

0

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 20 миң 419 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 15 миң 536 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 883 адам экинчи дозасын алган.

Өлкө боюнча COVID-19га каршы вакцинанын биринчи компонентин жалпы 489 миң 810 адам, 123 миң 218 адам экинчи компонентин алды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз