Пятница, 3 мая

Бакиев Кыргызстанга келиши мүмкүнбү? Бийликтин жообу

0

Башкы прокуратура Аскар Акаевден кийин мурдагы президент Курманбек Бакиев да Кыргызстанга келеби деген божомолдорго жооп кылып билдирүү таратты. Ага ылайык Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасынын аймагына келсе же укук коргоо органдары тарабынан алынып келинсе, 2016-жылдын 29-июлундагы соттун өкүмүнүн негизинде токтоосуз камакка алынат. Анткени, 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар жана башка кылмыштары үчүн К. Бакиев соттун өкүмүнө ылайык 30 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылып, өкүм күчүнө кирген.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Кумтөр» алтын кенине байланышкан коррупциялык факт боюнча Кыргыз Республикасынын УКМКнын ведомостволор аралык тергөө тобу тарабынан кылмыш иш тергелип жатканын да эске салды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз