Пятница, 17 мая

Месси Барселонадан кетти

0

Дүйнөлүк футбол тарыхындагы эң мыкты чабуулчулардын бири, аргентиналык Лионель Месси испаниялык «Барселона» клубунан кетүүдө. Ал бул топто 21 жыл ойногон.

Июлда Мессинин келишими аяктаган. Клуб жетекчилиги жаңы келишим түзүү каржылай жана уюштуруу иштериндеги кедергилерге байланыштуу мүмкүн эместигин жарыялады.

Sports.ru басылмасынын маалыматына караганда, 34 жаштагы чабуулчунун клубдан кетишине “Барселонадагы” каржы көйгөйлөрү себеп болгон. Коронавирус пандемиясы учурунда клубдун кирешеси өтө төмөндөп кеткен. Өткөн сезондо “Барселона” футболчулардын маянасына 671 миллион евро жумшаса, эми клуб 383 миллион менен чектелүүгө мажбур.

Мессиге жылына 90 миллион евродон ашык акча төлөнүп турган. Былтыр ал маянасы жогору футболчулардын тизмесинде биринчи орунга чыккан. Маалыматтарга караганда, аргентиналык футболчу “Барселонада” калуу үчүн маянасын эки эсеге азайтууга дайын болгон, бирок клуб аны да төлөй албай жатат.

Лионель Месси «Барселонага» 2000-жылы 13 жашында келген. Төрт жылдан соң ал командасынын негизги курамында ойногон. Месси “Барселонада” 520 оюн өткөрүп, 474 гол киргизген. “Барселонанын” катарында он жолу Испания чемпиону аталып, жети жолу өлкө кубогун жеңип, төрт ирет УЕФА Чемпиондор Лигасын багындырган. Месси «Алтын топту» алты жолу алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз