Пятница, 3 мая

Министр: “Сый тамака мени хирург Мамакеев чакырган»

0

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев мурдагы президент Аскар Акаев менен болгон жолугушуусу тууралуу коментарий берди. Анын айтымында, жолугушуу Улуттук хирургия борборунда өткөн жана сый тамака аны таанымал хирург Мамбет Мамакеев чакырган.

«Иш-чарага мени Мамбет Мамакеев чакырды. Ал жерде мурунку президент Аскар Акаев да болду. Мен аны менен жеке тааныш эмес болчумун. Биз сүйлөштүк, жалпысынан жолугушуу абдан жакшы өттү», — деди министр.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Аскар Акаев менен Алымкадыр Бейшеналиевдин чогуу түшкөн сүрөтү тарап, коомчлуктун сынына дуушар болгон. Сүрөттө мурунку президент менен азыркы саламаттыкты сактоо министри чай үстүндө отурушканын көрүүгө болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз