Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус илдети дагы 681 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 327, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 104, Ош облусунда – 18, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 65, Жалал-Абад облусунда – 82, Баткен облусунда – 46 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 1 миң 513 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча тогуз бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 33 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 163 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 168 миң 415 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 155 миң 447 киши айыгып чыкса, 2 миң 389 адам каза болду.