Суббота, 18 мая

Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди

0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирет.

Консультативдик жолугушууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери региондогу өлкөлөрдүн саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгынын маанилүү аспектилерин талкуулашты.
Мындан тышкары, эл аралык өнүктүрүүнүн маанилүү темалары боюнча конструктивдүү диалог болду.

Садыр Жапаров өз сөзүндө энергетика тармагындагы өнөктөштүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруп, регион өлкөлөрүнүн ортосундагы соода байланыштарын өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук операциялардын көлөмүн көбөйтүү
зарылдыгына токтолду. Транспорт-коммуникация жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи, ошондой эле лидерлерди коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы биргеликте күрөшүүгө чакырды.

Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бергелешкен билдирүүсү кабыл алынды.

Иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушууларды жүргүздү.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты, региондогу туруктуулук боюнча пикир алмашты, өлкөлөр ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн, урмат-сыйдын жана ишенимдин жогорку деңгээлин белгилеп өтүштү.

Андан соң президент Садыр Жапаров региондогу өлкө лидерлери менен биргеликте Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнөр жай товарлары жана улуттук тамак-аштары көрсөтүлгөн эки көргөзмөнү кыдырышты.

Президент Садыр Жапаров кечээ, 6-августта Бишкек шаарына кайтып келди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз