Воскресенье, 19 мая

Германияда орус тыңчысы кармалды

0

Германиянын Башкы прокуратурасы Потсдам шаарында Дэвид С. аттуу киши кармалып камакка алынганын, ал киши Орусиянын чалгын кызматы үчүн жашыруун маалыматтарды чогултуп жүргөнүн маалымдады.

Кылмышка шектүү адам Улуу Британиянын Берлиндеги элчилигинде иштеп жүргөн, бирок орустардын жашыруун кызматы үчүн маалымат топтогон. Дэвид С.  Орусиянын чалгын кызматына тиешелүү маалыматтарды берип турганы контрчалгын кызматы тарабынан аныкталган.

Ал киши өзүнүн кызматтык мүмкүнчүлүктөрү аркылуу алган документтердин бир нускасын орусиялык чалгын кызматына жиберген жана бул үчүн акча алып турган.

Германиянын Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, кармалган адам 57 жашта жана жашаган жери толугу менен тинтүүгө алынган.

Ал эми Орусиянын Германиядагы элчилиги болсо, айтылгандар тууралуу маалыматы жок экенин, комментарий берилбестигин маалымдады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз