Воскресенье, 5 мая

YTB стипендиясы жаштар үчүн чоң мүмкүнчүлүк

0

Жаштардын билим алуусу үчүн бекер стипендия менен камсыз кылган Түркиянын Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) пандемияга карабастан ишмердүүлүгүн улантууда. YTBнин жетекчиси Абдуллах Эрен, Түркия стипендияларынын дүйнөдөгү эң көрүнүктүү стипендиялык программалардын бири экенин айтты.

YTBнин жетекчиси, Түркия стипендиялары программасынын алкагында 2020-жылы стипендия алган, бирок пандемиянын айынан быйыл Түркияга барган чет элдик студенттер менен жолугушту. Түркиянын Анкара менен Кырыккале шаарында түрк тили курсун окуп жаткан 233 студентке кайрылган Эрен, 55 өлкөнүн жаштарына стипендия берилээрин айтты. Ал: «Түркия стипендиялары — дүйнөдөгү эң көп өлкөдөн студенттер максат кылган стипендиялык программа болуп саналат», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз