Суббота, 23 ноября

Дастан Бекешев: Бул келесоолук!

0

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев орусиялык саясатчы Владимир Жириновскийдин Кыргызстанда орус тилинин кысымы тууралуу айткандарына комментарий берди.

Анын айтымында, орусиялык кесиптешинин билдирүүлөрү Мамлекеттик Думага боло турган шайлоого байланыштуу – ошону менен Жириновский өзүнүн пиар кампаниясын жүргүзүүдө.

Анын үстүнө Бекешев Жириновскийдин саясый өнөктүгүн “келесоолук” деп баалады.

“Кечээ Жириновский биздин өлкөдө орус тилинин бузулушу жөнүндө өзүнчө эле бир “чоң нерсе” жасады. Бул толугу менен куру сөз. Россиянын депутаттыгына талапкерлер КМШ өлкөлөрүнө жана мигранттарга кол салса, таң калуунун кереги жок. Бул келесоолук, бармактан соргон, саясий жарнак”,- деди эл өкүлү.

Бирок, ал мындай билдирүүлөр кээ бир эмгек мигранттарына зыян келтириши мүмкүн, ошондой эле аларга карата зомбулукту күчөтүшү мүмкүн деп эсептейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз