Четверг, 21 ноября

Мигранттар бир айда өлкөгө 267 миллион доллар которушту

0

Быйыл июнь айында мигранттар Кыргыз өлкөсүнө 266 миллион 900 миң доллар киреше алып келишти. Мындай маалымат Улуттук банктын сайтында көрсөтүлөт.

Маалыматка ылайык, май айында чет элде жүргөн мекендештер 227 миллион 200 миң доллар которушкан. Муну менен бир айга салыштырмалуу өлкөгө (май-июнь) 39 миллион 700 миң сом көп каражат түшкөн.

6 ай аралыгында мигранттар тарабынан Кыргыз өлкөсүнө 1 миллиард 253 миллион 240 миң доллар киреше түшкөн.

Орусиядан июнь айында 261 миллион 400 миң доллар акча которулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз