Воскресенье, 19 мая

Америкалыктар менен канадалыктар «Кыргыз алтынга» каршы бириктиби?

0

Баалуу металдарга байланыштуу финансылык кызмат көрсөткөн америкалык StoneX Group Inc. компаниясы Кыргызстандын мамлекеттик ишканасы болгон «Кыргыз алтын» ачык акционердик коомун 1 миллион долларга сотко берди. Америкалык фирма «Кыргыз алтын» үстүбүздөгү жылдын май айында жарым тонна алтындын жеткирилишин үзгүлтүккө учуратып, 29 миллион долларды банктык эсептен мыйзамсыз жол менен чыгарып алууга аракет жасаган деген жүйөнү карманууда.

Доо арыз жакында Лондондогу соттордун биринде каралат жана эгер «Кыргыз алтындын» күнөөсү аныкталса, анда ишкана жоопко тартылышы толук мүмкүн.

Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы да «Кыргыз алтынга» коюлган айыптоолорду иликтеп жатат. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, «Кыргыз алтын» бул тармактагы ишенимдүү компаниялардын катарынан чыгып, эл аралык алтын рынокторунда соода кылуусуна тыюу салынышы мүмкүн.

Быйыл май айында канадалык Centerra компаниясы «Кыргыз алтын» документтерди жасалмалоо жолу менен уруксат берилбеген эсепке миллиондогон долларларды которууга аракет кылганын айтып чыккан. Ал эми «Кыргыз алтын» болсо, айтылган күндөрү эч кандай финансылык операцияларды ишке ашырган эместигин жарыялаган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз