Четверг, 2 мая

Балбак Тулобаев: Биздин бала гана болот деген убакыт өттү

0

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Балбак Тулобаев президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик кызматкерлерди ротациялоо саясаты, Таалай Сарыбашевдин Бишкек мэрлиги кызматынан кетүүсү сыяктуу маселелер боюнча комментарий берди. Өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу элге кайрылган Тулобаев, Таалай Сарыбашевдин кыска убакытта эле кызматын тапшырып берүүсүнө таң калганын, аябагандай чоң себеп болбосо, Сарыбашевдин мындай чечимге бармак эместигин айтты.

Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик кызматкерлерди ротациялоо, мэрлердин алмаштыруу саясаты боюнча да пикирин билдирген Тулобаев. Ал бул саясатты колдоорун, мындан ары кыргыз эли башка аймактардан келген аткаминерлер менен иштешүүгө көнүүсү керек экенин билдирди. “Биздин бала гана болот, биз бул жакты бербейбиз деген убакыт өттү. Эми андай болбойт экинчи” – деп айтты Тулобаев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз