Пятница, 17 мая

Октябрдан баштап пенсия көбөйөт

0

Кыргызстанда пенсиянын көлөмүн октябрь айынан баштап жогорулатуу сунушталууда. Ага ылайык 4785 сомго жетпеген пенсияга 200 сом, ал эми 4785 сомдон көп пенсияга 500 сом өлчөмүндө кошулат. Бул тууралуу

маалымдады.

Кыргызстанда пенсиянын орточо суммасы 6248 сом, ал эми орточо айлык акы 18 940 сом.

Жашоо минимумунун өлчөмү былтыр 4785 сом деп эсептелген.

Социалдык фонддун алдын ала эсептөөсүнө караганда, 2021-жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 715,5 миң адамды түзөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз