Суббота, 18 мая

Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын алды

0

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринде жайгашкан эмдөө пунктунда коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын алды.

Белгилей кетсек, мамлекет башчы мындан 21 күн мурун, 23-июлда, Кытайдын Sinopharm препаратынын биринчи дозасын алган болчу.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 13-августка карата өлкө боюнча 600 миңдей адам вакцинанын биринчи дозасын, 200 миңден ашык адам экинчи дозасын алды.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус илдетин 171 миң 238 адам жуктуруп алган. Ал эми аталган оорудан 2 миң 433 бейтап көз жумду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз