Кассада отурган кызга калькулятор ыргыткан адам милицияга жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Эми Октябрь райондук соту анын баш коргоо чарасын карайт. Окуя тууралуу тергөө уланууда.
Окуяга байланыштуу Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Күч органдарынын маалыматына ылайык, 1992-жылы туулган А.Алимбаев ошол күнү мас абалда болгон. Ал алгач кызматкер кыздан кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылып, андан кийин калькулятор менен бет тарабына чапкан. Ал эми арыздануучу ден соолугуна зыян келбегенин белгилеп, экспертизадан баш тарткан.