Пятница, 22 ноября

Түрк эли селден жабыркады

0

Түркиянын Кастамону, Синоп жана Бартын аймактарында болгон сел апааттарында каза болгондордун саны 38ге жетти.

Билдирүүдө, Бартында дайынсыз жоголгон бир канча адамды издөө иштери жүрүп жаткандыгы маалымдалып, жаракат алгандардын дарылануусу ооруканаларда улантылгандыгы белгиленди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кара деңиздеги суу ташкынына байланыштуу президент Режеп Таййип Эрдоганга көңүл айтты.

Жапаров кыргыз элинин өмүрүнөн айрылгандардын жакындарынын кайгысын тең бөлүшкөнүн жана жаратылыш кырсыгынан жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалаганын билдирип: «Бир тууган Түркиянын бул оор абалдан тезирээк чыгышын Аллахтан тилеймин»,-деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз