Суббота, 18 мая

Жаңы мыйзамга ылайык айыл чарба жерлерине үй кургандар жазапул төлөйбү?

0

Жер тилкелерин трансформациялоо мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. Президент Садыр Жапаров “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзамга кол койду.

Документ турак жай куруу пландаштырылбаган жер участокторуна үй куруп алган жарандардын көп жылдан берки көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.

“Маселен, мыйзам менен жол-жоболорду түшүндүрүү жана кайрыла турган органдарды тактоо аркылуу жер участокторуна документтерди алуу тартиби боюнча көйгөйлөр чечилүүдө. Өлкөдө жарандардын жашоосуна кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизген экономикалык кырдаалга, баалардын өсүшүнө, пандемияга байланыштуу жарандардын жашоо-турмушунда келип чыккан кыйынчылыктарды эске алуу менен бул мыйзам жарандарды айыл чарбадагы жоготууларга байланыштуу компенсацияларды төлөөдөн бошотот”, –  деп айтылат Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

Ушул кезге чейин жер участокторун трансформациялоодо турак жайларды куруп алган жер тилкелеринин ээлери айыл чарба жоготууларын жана алынбай калган пайданы төлөшү керек болчу. Бул өзгөртүүлөр аркылуу айыл чарба багытындагы жерлерге үй куруп алгандар компенсация төлөөдөн бошотулду.

Ошондой эле мыйзам менен жаңы конуштардын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча демилгелер трансформацияланган жерлердин ээлерине өткөрүлүп берилет.

Аталган мыйзам күчүнө кирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз