Афганистандан качып чыккан Рашид Достумдун хансарайы (Видео)
Афганистанда талиптер Мазари Шарифти ээлешти. Өзбек генерал Рашид Достумдун өлкөдөн качып чыкканы тууралуу маалыматтар бар. Социалдык түйүндөрдө Рашид Достумдун Шибиргон шаарындагы 5 кабат резиденциясына талиптердин киргенин көрсөткөн видео тарап жатат. Видеону тартып жаткан куралчан жоочулдардын өзбек тилинде сүйлөп жатышканын да байкоого болот.
Талибан тобу Афганистандагы негизги шаарларды ээлеп алды. Өлкөнүн борбор шаары Кабул да бир айдын ичинде Талибандын карамагына өтөт деп күтүлүүдө. АКШ сыяктуу өлкөлөр Кабулдагы элчилигиндеги кызматкерлердин санын кескин азайтканы маалымдалды.