Пятница, 17 мая

Ооганстанда талибдер көзөмөлдөгөн аймактын саны 18ге жетти

0

Ооган өкмөттүк күчтөрүнүн талиптерге алдырып койгон провинция борборлорунун саны 18ге жетти.

Борбор Кабулдун коңшусу Логар, түштүктөгү Забул жана Урузган провинцияларынын борбору талиптердин көзөмөлүнө өттү.

Логардын эл өкүлү Хума Ахмади билдирүүсүндө, согушкерлер кечээ түнкү сааттарда Логардын борбору Пул-и Алем шаарына чабуулдарын баштаганын айтты. Ахмади шаардын борборун түштө талибдер басып алганын жана кээ бир коопсуздук күчтөрү талибдердин туткунуна түшкөнүн билдирди.

Забул провинциялык кеңешинин депутаты Эседулла Какар да талибдер коопсуздук күчтөрү менен кагылышпастан Забулдун борбору Калат шаарын басып алганын белгиледи.

Урузган губернатору Омар Ширзад баса белгилегендей, алар коомдук имараттарга жана адамдарга зыян келтирбөө үчүн элдин талабы менен Урузган провинциясынын борбордук шаары Тринкотту талиптерге таштап кетишти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз