Пятница, 17 мая

COVID-19: Суткада 469 адам коронавирус ооруусунан айыкты

0

Сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус дагы 237 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 120, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 37, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 39, Жалал-Абад облусунда – 11, Баткен облусунда – 18 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 469 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 101 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 112 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 172 миң 327 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 132 миң 249 киши айыгып чыкса, 2 миң 451 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз