Пятница, 17 мая

Талибдер согуш бүткөнүн жарыялады

0

Ооганстанда бийлик бүтүндөй талибдердин көзөмөлүнө өтүп, согуш аяктады. Бул туурасында «Талибан» кыймылынын саясий кеңсесинин расмий өкүлү Мухаммед Наим билдирди.

Ал Al Jazeera телеканалына берген маегинде: «Биз 20 жыл мурун өлкөбүздө башталган бул согушту токтоттук», — деди.

Наим ошондой эле Афганистандын жашоочулары менен чет элдик дипломаттардын коопсуздугу кепилденерин белгилеген. Анын айтымында, талибдер бардык афган лидерлери менен диалогго даяр жана аларды коргоого убада беришет.

Ал кошумчалагандай, «Талибан» эл аралык коомчулуктагы коркунучтарды сүйлөшүү жолу аркылуу чечүүгө жана башка мамлекеттер менен байланышты бекемдөөгө даяр.

Буга чейин «Талибан» Афганистандагы бир катар аймактарды, анын ичинде борбор калаа Кабулду ээлеп алган. Өлкө башчы Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен.

Талибдер АКШ менен НАТОнун аскер күчтөрүн чыгарып кеткенден кийин аракетин күчөттү. Бир нече жуманын ичинде кыймыл өлкөнү дээрлик толугу менен көзөмөлгө алууга жетишти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз