Пятница, 17 мая

Коронавирустан дагы алты киши каза болду

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 341 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 151, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 93, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 15, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 29, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда – 16 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 561 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча алты бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 920 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 67 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 172 миң 668 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 163 миң 810 киши айыгып чыкса, 2 миң 457 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз