Вторник, 21 мая

Түркиядагы селден каза болгондордун саны 71ге жетти

0

Түркияда сел апаатынан каза болгондордун саны 71ге жогорулады.

Апаат жана чукул абалдарды башкаруу башкармалыгынан (AFAD) берилген маалыматта селден улам Кастамонуда 60, Синопто 10, Бартында да 1 кишинин каза болгондугу билдирилди. Маалыматта 8 кишинин ооруканада дарыланып жаткандыгы белгиленди. Ошондой эле Синоп жана Кастамонуда жоголгондордун саны 47ге жеткендигин билдирди.

3 облуста да издөө – куткаруу иштери үзгүлтүксүз улантылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз