Воскресенье, 19 мая

Ооганстандан 9 кыргызстандык эвакуацияланды

0

Ооганстандан Кыргызстанга 9 жаран эвакуацияланды. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ооганстандагы туруксуз абалга байланыштуу тышкы иштер министрлиги Кабулдагы Кыргызстандын элчилиги менен биргеликте кыргыз жарандарын эвакуациялоо иш аракетин көрүүдө.

Учурда калган жарандарды Кабулдагы элчиликтин имаратына жайгаштыруу иш аракети көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

Афганистандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетип, учурда анын каякта экени дайынсыз болууда. Дүйшөмбүгө караган түнү «Талибандын» өкүлү Мухаммед Наим өлкөдө согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз