АКШ Ооганстанга кошумча 1000 аскер жөнөтөт

0

Америка Кошмо Штаты (АКШ) Ооганстандын борбору Кабулдагы эвакуация операциясына колдоо көрсөтүү үчүн кошумча 1000 аскер жөнөтөт. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы Жон Кирби маалымдады.

Кирби Кабулдагы америкалыктарды жана АКШны колдогон ооганстандыктарды эвакуациялоо үчүн өлкөгө кошумча 1000 жоокер жөнөтүүнү чечкендерин жана алардын жалгыз максаты эвакуацияны коопсуз кылуу экенин айтты.

Басма сөз катчы, бул чечим менен АКШнын администрациясы тарабынан Ооганстанга эвакуация операциясы үчүн жөнөтүлгөн кошумча аскерлердин саны болжол менен 6 миңге жеткенин билдирди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз