Воскресенье, 19 мая

Британия Кабулга 200 аскерин жөнөтөт

0

Британия Ооганстандагы британ жарандарын жана алар үчүн иштеген афгандарды эвакуациялоого көмөктөшүү үчүн борбор шаар Кабулга дагы 200 аскерин жөнөтөт.

Коргоо министрлиги Кабулдагы эвакуацияга көмөктөшүү үчүн Ооганстанга дагы 200 жоокер жөнөтүлөрүн, муктаждык болгон учурунда болсо дагы көбүрөөк аскерлердин жайгаштырыларын билдирди.

Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб да иш-аракеттердин Ооганстандагы британ жарандарын жана алар үчүн иштеген афгандарды эвакуациялоого багытталганын билдирди.

Бүгүн 150 британиялык жарандын Кабулдан Британияга алып барыла турганын баса белгилеген Рааб, жакынкы күндөрдө буга дагы 350 кишинин кошуларын жарыялады.

Бул учурда Бельгия да аскерлеринен кийин Афганистандагы жарандарынын өлкөгө кайтып келүүсүн камсыздап жатат.

Тышкы иштер министри Софи Уилмес Твиттердеги баракчасынан, 100гө жакын бельгиялыктар жана афган үй-бүлө мүчөлөрү өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаганын билдиргенин айтты.

Уилмес 4 аскердик учактын эвакуациялоо операциясы үчүн мүмкүн болушунча тез арада Кабулга жөнөй турганын маалымдады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз