Вторник, 21 мая

Банктык эсептер эми жашыруун болбойт

0

Мамлекеттик салык кызматы банктардын кардарлары тууралуу дээрлик бүтүндөй маалыматты алуу үчүн Салык кодексине түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатканы кабарланды. Бул тууралуу Кыргызстандын банктар союзу билдирди.

Союздун маалыматына ылайык, өзгөртүүлөрдү Кодекстин салык кызматы органдарынын банк менен биргелешкен аракети тууралуу 126-беренесине киргизүү сунушталууда.

Негизинен кеп тийиштүү окуядан кийин үч жумушчу күндүн ичинде эсептерди ачуу же жабуу, салымдар, эсептердин реквизиттеринин өзгөртүлүшү жана салык төлөөчүлөрдүн салымы тууралуу маалыматты берүү тууралуу болууда.

Учурдагы Кодекске ылайык, салык кызматы бул маалыматты сот чечиминен кийин гана ала алат. Азыр болсо мекеме аны сот чечими жок алгысы келип жатат.

Салык кызматы кардарлардын эсептери аркылуу жүргөн бардык операциялар менен эсептин азыркы абалы тууралуу маалыматтарды дагы соттун чечими жок эле алууну көздөп жатат.

Салык кызматынын сунушуна ылайык, бул маалыматтарды «жүйөөлүү себеп менен сураса» соттун чечимисиз эле берүү керек.

Мындан тышкары салык кызматы соттун чечимисиз дагы төмөндө аталган документти алгысы келет. Алар:

  • банкта салымдардын (депозиттердин), эсептердин бар-жогу тууралуу маалымдама;
  • эсептерде, салымдарда (депозиттердеги) акча каражаттардын (баалуу металдарддын) калдыгы тууралуу маалымдама;
  • эсептер боюнча операциялар, салымдар (депозиттер) тууралуу маалымат;
  • акча каражаттарын алууга (пайдаланууга) укуктуу адамдардын паспортторунун көчүрмөсү, акча каражаттарын алууга (пайдаланууга) ишеним каттар;
  • эсепти ачуу, жүргүзүү жана жабуу боюнча мамилени аныктаган документтердин көчүрмөсү;
  • кардарларды тейлөө үчүн келишимдердин көчүрмөлөрү;
  • кардардын эсепти ачууда берген документтеринин көчүрмөлөрү жана маалыматы, кол тамгалардын үлгүсү түшүрүлгөн карточкаларды жана мөөрдүн оттискасы (изи);
  • эсептин бенефициардык ээси (анын ичинде банктын бенефициарды идентификациялоодо алган маалыматы) тууралуу маалымат, пайда алуучулар, кардардын өкүлү тууралуу маалыматтар.

Өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камтыган документтин өзү азырынча коомдук талкууга чыгарыла элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз