Пятница, 20 сентября

Ооган лицейи Түркиянын Агартуу фондунун карамагына өткөрүлөт

0

Лицейлер башкармалыгына TMV кыска аралыкта өткөрүлүп берилет.

Ооганстандын Жалалалад шаарында жергиликтүү коопсуздук күчтөрүнүн катышуусунда Фетхуллах Гүлендин террордук кыймылынын (FETÖ)  эркектер лицейи Түркиянын Агартуу фондунун (TMV) карамагына өткөрүп берүү процесси жүрүүдө.

Лицейдин окуучулары FETÖнун жактоочуларынын таасири менен коопсуздук күчтөрүнө каршылык көрсөтүү аракетин жасашууда.

Ооганстандын бийлиги лицейлерди башкаруу укугу кыска аралыкта Түркиянын Агартуу фондуна өткөрүлүп берилерин билдирди.

Мындан тышкары TMVдын карамагына Гүлендин террордук кыймылынын Кабулдагы, Герат, Мазари-шариф, Кандагар, Нангархар жана Жаузжан провинцияларында  12 мектебинин жетөөсү өткөрүлүп берилет.

Түркиянын Агартуу фондунан Ооган бийлигинин бул багыттагы кабыл алынган чечимине ыраазы экендиктерин билдиришти.

2018-жылы 26-февралда Түркия жана Ооганстандын Агартуу министрликтери тарабынан Гүлендин террордук кыймылынын мектептерин TMVдин карамагына өткөрүп берүү боюнча макулдашууга кол коюлган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз