Пятница, 20 сентября

Кыргызстан Россия менен  достук мамилесинен артка кайтпайт

0

Владимир Путин Кыргыз Республикасы менен аскердик жана экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү тууралуу макулдашты.

РФнын президенти Владимир Путин 28-мартта Бишкекке мамлекеттик иш сапары менен келип-кетти. Бул тууралуу бир нече орус маалымат каражаттары кеңири жазышты. Орус президентин экономикалык маселелерден тышкары Кыргызстан Москва менен жакындашууга кызыкдарбы деген суроо да кызыктырды.“Ъ” басылмасынын маалыматы боюнча,  Путин мырза кыргыз кесиптеши Сооронбай Жээнбековдон АКШ менен гуманитардык кызматташтык тууралуу макулдашууну кайра жаңыртууну көздөйбү же жокпу деп кызыкты. Мындай соболго кыргыз президенти аскердик болобу же экономикалык, маданийби, эң оболу Россия менен боло тургандыгын ишаара кылды.

Адатта Владимир Путиндин Борбор Азия өлкөлөрүнө жасаган сапарлары кандайдыр-бир күтүлбөстүктөр болбой тургандыгына карабастан, бул ирет РФ менен КРнын президенттеринин чечимди талап кылган суроолору болду. Москва үчүн өтө маанилүү маселе республикада аскердик бөлүктөрдүн жайгашуусу кызыктуу. Иш сапардын жүрүшүндө Россия менен Кыргызстан Канттагы россиялык бириктирилген россиялык аскердик базанын жайгашуусунун шарттары жана статусу тууралуу 2012-жылы түзүлгөн келишимге өзгөртүү жана толуктоолорду киргизишти. РФнын Коргоо министрлиги тарабынан протоколго министрдин орун басары Александр Фомин кол койду. Протоколдун долбооруна ылайык, Россия ижарага алган жердин аянтын дээрлик 60 га.га көбөйтөт, ошол эле учурда ага жараша базанын ижара акысы жылына $291,5 миңге көбөйөт. Ошентип жылына жалпысынан бул аскердик базага төлөнгөн ижара акысы дээрлик $4,8 млн. го жетет. Макулдашуунун жаңыланган вариантында ошондой эле “учкучсуз учуучу аппарат” (УУА) жана “учкучсуз авиациялык система” деген түшүнүктөр түшүнүктөр жазылды.  Белгилей кетүүчү жагдай, 2018-жылы россиялык УУАттар аймакта болушкан: КМШнын антитеррордук машыгууларында аларды Россия жана Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнөн турган биргелешкен аскердик күчтөр колдонгон. Борбордук аскер округунун командири генерал-полковник Александр Лапин маалымдагандай, сөз “Форпост”, “Орлан”, Тахиондор” УУАттары тууралуу болгон. “Учкучсуз учуучу аппараттардын группасы түзүлгөн жана аларды биз Сириядагы тажрыйбабызга таянып колдондук”.- деди Лапин мырза. Эми сыягы сөз мындай УУАларды Канттагы базага туруктуу негизде жайгаштыруу жөнүндө сөз болушу мүмкүн.

Учкучсуз учуучу авиациялык система тармагындагы эксперт Денис Федутиновдун пикиринде, россиялык аскердик  ведомство акыркы жылдары УУА системасын армияга жигердүү колдонуу боюнча пландуу иштерди жүргүзгөн. “Куралдуу күчтөргө мындай системаларды масштабдуу сатып алуу жана жеткирүү, кызматкерлерди окутуу иштери жүргүзүлдү. Мисалы, Тажикстанга, Арменияга”,- деди ал “Ъ” басылмасына. Эксперттин айтуусунда, бул базаларда УУА чалгын жана байкоо жүргүзүү, ошондой эле базалардын өздөрүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн колдонулат. “Кыргызстандагы Россиянын аскердик базасы республиканын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого өзгөчө салым кошот жана анын болушу Борбор Азиядагы коопсуздук менен бейпилдиктин маанилүү фактору болуп саналат”,- деп белгиледи  Владимир Путин.

“Ъ” мындан тышкары Бишкектеги маалымат булактарынан орусиялык президентти Кыргызстандын АКШ менен жакындашуусу тууралуу имиштер да тынчсыздандырган.

Анткени кыргызстандык оппозициячылар Вашингтон менен гуманитардык кызматташтык тууралуу макулдашууну кайра жандандырууну айтышууда. Андан Бишкек 2015-жылы баш тарткан болчу. Ал кезде аталган макулдашуунун жокко чыгарылышынын себеби АКШ Мамдепартаменти 2010-жылдагы Ош коогалаңынын катышуучусу (өзбек азчылыгынын тарабында), милиционердин өлтүрүлүшү боюнча өмүр боюу абакка кесилген Азимжан Аскаровго “Адам укугун коргоочу” сыйлыгын берүүсү болгон. Ал эми Бишкекте Владимир Путинге азырынча Вашингтон менен мурдагы байланыштарды калыбына келтирүү планда жок экендигин ишаара кылышты. Ал эми келечекте Кыргызстан бул маселени “Евразия экономикалык биримдиги жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмундагы союздаштарынын кызыкчылыгын эске алып карайт”.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз