Талибандын Афганистандын борбор шаары Кабулду көзөмөлгө алышы менен өлкөдөн кетүүнү каалаган кишилер Кабул эл аралык аэропортунун айланасында күтүүнү улантууда.
16-август күнү болгон хаос көрүнүштөрүнүн кайталанбашы үчүн аэропорттун коопсуздугун түзгөн аскерлер аймакта катуу чараларды көрүүдө.
Эвакуация үчүн аэропортко барууну каалаган Афганистан жарандары менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кээде чыңалуулар болууда. Коопсуздук күчтөрү калың топту көзөмөлдөп туруу үчүн айрым учурларда эскертүү үчүн абага ок атууда.
Ошондой эле аэропорттун алдында күткөн айрым Афганистан жарандары ысыктан жана чарчагандыктан эс — учун жоготууда. Эс — учун жоготкон аялдарга коопсуздукту түзгөн аскерлер жардам беришти.